Жапаров Тарых музейине бийлик башындагыларды чогултту. Сүрөттөр

1990-жылдын 15-декабрында Кыргыз ССР Жогорку Совети “Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө” декларацияны кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик кабыл алуу болуп өттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 5

Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик кабыл алуу болуп өттү

2 / 5

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, Конституциялык палатанын төрайымы Карыбек Дүйшеев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, фракция лидерлери жана Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандын мурдагы президенттери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле дипломатиялык корпустун жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты

3 / 5

Эске салсак, 1990-жылдын 15-декабрында Кыргыз ССР Жогорку Совети “Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө” декларацияны кабыл алган

4 / 5

Декларацияда Кыргызстандын мамлекеттик бийлигинин тышкы иштердеги көз карандысыздыгы жана ички иштерде мамлекеттик бийликтин үстөмдүгү - суверенитет белгиленген.

5 / 5

Иш-чаранын жүрүшүндө Жапаров жаңыртылган музейдеги экспонаттарды көрүп, тарыхый маанилүү окуяларды чагылдырган тарыхый-этнографиялык экспозициялар менен таанышты.

Эске салсак, 1990-жылдын 15-декабрында Кыргыз ССР Жогорку Совети “Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө” декларацияны кабыл алган. Декларацияда Кыргызстандын мамлекеттик бийлигинин тышкы иштердеги көз карандысыздыгы жана ички иштерде мамлекеттик бийликтин үстөмдүгү - суверенитет белгиленген.
Ал эми 1991-жылдын 31-августунда “Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө” декларациянын негизинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация” жөнүндө токтом кабыл алган.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, Конституциялык палатанын төрайымы Карыбек Дүйшеев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, фракция лидерлери жана Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандын мурдагы президенттери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле дипломатиялык корпустун жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жапаров жаңыртылган музейдеги экспонаттарды көрүп, тарыхый маанилүү окуяларды чагылдырган тарыхый-этнографиялык экспозициялар менен таанышты.
Садыр Жапаров Тарых музейине Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн белекке берди