Сиздерге ишенич чоң. Жапаров президенттик стипендианттар менен жолукту

Быйыл Кыргызстандагы бардык жогорку окуу жайлардан сексен студент президенттик стипендияга ээ болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Эртең эле өлкө тагдырын өз колуңуздарга аласыздар, бул улуу милдет жана чоң жоопкерчилик. Мындай кайрылуусун президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырып жатканда айтты.
1 / 4
Эртең эле өлкө тагдырын өз колуңуздарга аласыздар, бул улуу милдет жана чоң жоопкерчилик
2 / 4
Мындай кайрылуусун президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырып жатканда айтты
3 / 4
Мамлекет башчынын маалымат кызматынан быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 80 студент президенттик стипендияга ээ болгонун билдиришти
4 / 4
Мамлекет башчысы жолугушууда аларды окуудагы жетишкендиктери менен чын жүрөктөн куттуктап, эмгеги жана өжөрлүгү үчүн ыраазычылык билдирди
Мамлекет башчынын маалымат кызматынан быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 80 студент президенттик стипендияга ээ болгонун билдиришти.
"Сиздер Кыргызстандын келечегисиздер! Эртең эле өлкө тагдырын өз колуңуздарга аласыздар. Бул — улуу милдет жана чоң жоопкерчилик. Өлкөбүздүн алдыңкы жогорку окуу жайларында терең билим алып, башка жаштарга үлгү болуп, президенттик стипендияга татыктуу болгонуңуздар баарыбызды кубандырат", — деген Жапаров.
Мамлекет башчысы жолугушууда аларды окуудагы жетишкендиктери менен чын жүрөктөн куттуктап, эмгеги жана өжөрлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
"Сиздер Кыргызстандын эң мыкты студенттери экениңиздер талашсыз. Албетте, бул ийгиликке эмгекчилдигиңиздер, намыскөй эркиңиздер жана бийик атуулдук сезимиңиздер аркылуу жеттиңиздер деп эсептейм", — деген Жапаров.
Президент дагы бир бөтөнчө көңүл бөлө турган жагдайды — мүмкүн болушунча көп тилдерди үйрөнүү маселесин белгилеген.
Окуу акысы көтөрүлбөсүн. Жапаров студенттер үчүн маанилүү жарлыкка кол койду
"Бул — мезгил талабы. Арийне биринчи кезекте мамлекеттик тилибизди, андан соң башка тилдерди өздөштүрүү абзел. Элибиздин керегине жараган инсандардан болушуңуздарга тилектешпиз. Сиздерге болгон үмүтүбүз, ишеничибиз чоң. Билим жолундагы сапарыңыздар байсалдуу болсун! Сиздерге ак жол!" — деген Садыр Жапаров.
Ал сөзүнүн аягында студенттерге ийгилик жана бардык жакшылыктарды каалаган.
Маалымат үчүн айтсак, Кыргызстанда 73 жогорку окуу жайы (ЖОЖ) иштейт, алардын ичинде 33ү мамлекеттик жана 40ы мамлекеттик эмес. 2020-2021-окуу жылында ЖОЖдо билим алган студенттердин саны 219 030 адамды түзөт. Алардын ичинен 184 871 студент мамлекеттик, ал эми 34 159 студент жеке ЖОЖдо билим алат.