БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын инфекциялык бөлүмү капиталдык ремонттон өтүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Имаратты оңдоп-түзөө иштерин 2022-жылдын башында бүткөрүү пландалып жатат. Учурда ремонт жумуштарынын 85 пайызы аяктаган.
"Имараттын чатырынын үстү толугу менен алмаштырылып, дубалдары шыбалды, ошондой эле пластик терезелер коюлуп, эшиктер, суу түтүктөр менен электр өткөргүчтөр жаңыланды. Мындан сырткары, раковина, чайкануучу жай, унитаз коюлуп, аба желдеткичтери оңдолду", — деп жазылган маалыматта.
Инфекциялык бөлүмдү оңдоого Азия өнүктүрүү банкы 15 982 746 сом бөлгөн.