Валентина Шевченко Оштогу милиционерлерге мастер-класс өттү. Сүрөт

Кыргызстандык мушкерди милициянын саптык аянтчасында туу көтөрүү менен өздүк курам салтанаттуу тосуп алды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко Ош облустук ички иштер башкармалыгына келип, милиционерлерге мастер-класс өттү. Бул туурасында ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко Ош облустук ички иштер башкармалыгына келип, милиционерлерге мастер-класс өттү

2 / 3

Спорт залында дүйнө чемпиону өздүк курамга масстер-класс көрсөтүп берди

3 / 3

UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко милиционерлерге көрсөткөн мастер-классы

Мушкерди милициянын саптык аянтчасында туу көтөрүү менен өздүк курам салтанаттуу тосуп алды. Андан соң ОИИБдин начальниги Жеңишбек Абитов сөз сүйлөп, белектерди тапшырган.
"Валентина Шевченко милиция кызматкерлери менен жолукканына кубанып, салтанатуу тосуп алгандыгына ыразычылыгын билдирди. Ошондой эле спортчуга арналган салтанатуу азем саптык жүрүш менен аяктады. Андан соң башкармалыктын спорт залында дүйнө чемпиону өздүк курамга масстер-класс көрсөтүп берди", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, ал милициянын генерал-майору Базарбай Нурматов атындагы тарых музейинин материалдары менен таанышкан.
Валентина Шевченко, жаңырган "кара жорго" жана көлдөгү машыгуу. Видео