Радио

Каарбаева: ЕАЭБде техрегламентке кызыкдар тарап сунуш бере алат

Айыл чарба министрлигинин ЕАЭБ жана Дүйнөлүк соода уюму менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Назгүл Каарбаева ЕАЭБ алкагында тамак-аш боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.
Sputnik
Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан дагы мүчө болгондуктан уюм алкагында тамак-аш коопсуздугу жаатындагы эрежелер бирдей. Бул тууралуу Назгүл Каарбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, беш өлкөнү камтыган уюм алкагында тамак-аш коопсуздугу жаатында техникалык регламентке кыргыз өндүрүүчүлөрү да таасир эте алат.
"ЕАЭБ өзү камтыган өлкөлөр аймагында тамак-аш коопсуздугу боюнча бирдей эреже киргизген. Кыргызстан да аны сактоого милдеттүү. Бирок ошол эрежелер кабыл алынарда даярдалчу техникалык регламентке өндүрүүчүлөр да өз таасирин тийгизе алат. Тагыраак айтканда, алар тиешелүү сунуштарын берсе болот. Бул үчүн өлкөнүн Айыл чарба министрлигине кайрылуусу шарт. Реалдуу кадамдарга негизделген сунуштарды чогултуп биз биримдиктин комиссиясына жиберебиз. Ал жактан айрымдары кабыл алынып калышы мүмкүн. Андыктан бардык өндүрүүчүлөрдү активдүү катышып, өз ой-пикирлерин билдирүүгө чакырып кетем", — деди Каарбаева.
Ал бир эле өндүрүүчү болбогон колдонуучулар да кызыкдар тарап болуп эсептелерин жана алардын да пикири эске алынарын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын аудиодон угуңуз: