Байсалов: январдын ортосунда "омикрон" штаммынын келишин күтүп жатабыз

Байсалов өнөкөт оорусу барларга эмдөөдөн өтүүгө тыюу салынбай турганын айтып, тескерисинче, биринчи кезекте вакцина алышы керектигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов январь айынын ортосунда Кыргызстанга Omicron штаммы келиши мүмкүндүгүн билдирди.
Ал кыргызстандыктарга кайрылып, өздөрүн жана жакындарын, өзгөчө улгайган жана өнөкөт оорулары бар жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов
"Келе жаткан жылдын январь айынын орто ченинде өлкөгө "омикрон" штаммы кирип калышын күтүп жатабыз. COVID-19дун күчөшү мүмкүн. Буга байланыштуу вакцина алып калууга жетишүү керек", — деди Байсалов.
Ошону менен катар Байсалов өнөкөт оорусу барларга эмдөөдөн өтүүгө тыюу салынбай турганын, тескерисинче, бул топтогу адамдар биринчи кезекте препаратты сайдырышы керектигин эскертти.
Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 1,5 млн. дозасы алып келинди