Радио

Нурланбек уулу: "Мээрман" тасмасы 30дай эл аралык фестивалга катышууда

Кыргызстандык режиссёр Айкөл Нурланбек уулу дүйнөдө даректүү тасмаларга жана сериалдарга талап өсүп, актуалдуу маселелер чагылдырылып жатканын айтты.
Sputnik
Билим берүү, маданият жана спорт багытында даректүү тасма тартууну пландап жатам. Бул тууралуу Айкөл Нурланбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дүйнөдө даректүү тасмаларга жана сериалдарга талап өсүп, актуалдуу маселелер чагылдырылып жатат.
"Мээрман" тасмасы учурда жалпысынан 30дай эл аралык фестивалга катышууда. Италия, Германия, Франция, Кытай жана Түштүк Кореянын кинофестивалдарында ат салышып жатат. Алардын жыйынтыгы 2022-жылы белгилүү болуп, жеңүүчүлөр аныкталат. Ал эми бул жылды Ирандагы фестиваль менен жыйынтыктайбыз. Ал сынакта финалга чейин жетип, байге ээлери 25-декабрда аныкталат. Азыр дүйнөдө даректүү тасмаларга жана сериалдарга көңүл буруп жатышат. Чындыкка басым жасап, документтердин негизинде тартылгандыктан мени көбүрөөк кызыктырды. "Мээрман" тасмасы пандемия учурундагы мээрман эне тууралуу чагылдырылган. Алдыда билим берүү, маданият жана спорт багытында даректүү тасма тартууну пландап жатам", — деди Нурланбек уулу.
Ошондой эле жаш режиссёр кино аркылуу жаштарга багыт көрсөтүп, орчундуу маселелерди көтөрүп, коомдук аң-сезимди өзгөртсө болорун кошумчалады.
Белгилей кетсек, Айкөл Нурланбек улуунун "Мээрман" кыска метраждуу даректүү тасмасы Стамбулда өткөн "Ааламдарга ырайым" эл аралык кинофестивалында баш байге утуп алган. Андан мурда Бишкекте өткөн "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" фестивалында "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү" сыйлыгына ээ болгон. "Үмүт" КМШ өлкөлөрүнүн жаш киночулары форумунун улуттук сынагында "Мыкты тасма" аталган.