Кыргызстанда "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" түзүлдү. Максаты

ААКнын түзүүчүсү катары Финансы министрлиги чыгууда. Анын уставдык капиталын 2022-жылга чейин 1 миллиард сомго жеткирүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыздык катышуусу менен "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" Улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коому түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Аталган чечим президенттин 2021-жылдын 29-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынган.
"Улуу көчмөндөрдүн мурасы" Улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун түзүүнүн негизги максаты эл аралык тажрыйбаны пайдалануу менен жер казынасын пайдалануу жана ага байланыштуу экономикалык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды максималдуу топтоштурууга жөндөмдүү ири интеграцияланган структураны түзүү болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
ААКнын түзүүчүсү катары Финансы министрлиги чыгууда. Анын уставдык капиталы 100 миллион сом өлчөмүндө белгиленген. 2022-жылга чейин 1 миллиард сомго чейин жеткирүү пландалууда.
Кара-Балтада геологиялык үлгүлөрдү даярдаган лаборатория ачылды