БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстанда малды жана үй канаттууларын саноо башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, санакты каттоочулар жүргүзөт.
"Алар ар бир дыйкан-фермердик чарбанын, шаардык жана айыл жерлериндеги дачалык участкалардын, эс алуу үйлөрүнүн, пансионаттардын жана башка өзүнчө жайгашкан объектилердин короосуна кирип, санап чыгышат", — дешти министрликтен.
Иш-чаранын планына ылайык, райондор боюнча кыскача жыйынтык 2022-жылдын 24-январында, ал эми өлкө боюнча жалпы жыйынтык 2022-жылдын 16-февралында белгилүү болот.