COVID статистикасы: 36 кишиге вирус жугуп, үч бейтап көз жумду

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 184 027ге жетти. Анын ичинен 179 080 адам дартты жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Өткөн суткада 36 киши коронавирус жугузуп, 40 бейтап сакайып кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Жугузгандар:
Айыгып чыккандар ооругандарга карата көбүрөөк, акыркы 24 саат ичинде 40 киши сакайды.
"Омикрон" штаммынан көз жумган биринчи учур катталды
Тилекке каршы, оорудан үч киши каза болду, алардын бардыгы Бишкек шаарынын тургундары болчу. Ушуну менен вирустан көз жумгандардын саны өлкө боюнча 2 773кө жетти.
Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 184 027ге жетти. Анын ичинен 179 080 адам дартты жеңген.
Азыркы тапта өлкө боюнча 688 бейтаптын коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Алардын 321и ооруканада болсо, 367 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.