БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бүгүн таңга маал Чүйдүн Ысык-Ата районунда өрттөн эки киши көз жумганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Новопокровка айылындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан кафедеги кароолчунун бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен. Көз жумган эки киши анын ичинде болгон.
Өрт саат 06:30да чектөөгө алынып, 06:50дө толук өчүрүлдү.
Каргашанын келип чыгуу себеби такталууда.