Бишкек, Ош шаарларын башкаргыңыз келеби? Резервге кирүү үчүн сынак жарыяланды

Резервге киргизүү үчүн документтерди кароо, мыйзамдарды билүүгө компьютердик тестирлөө жана аңгемелешүү этаптарынан өтүү шарт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоого багытталган муниципалдык кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурс жарыяланды. Бул туурасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик маалымдады.
Белгилей кетсек, октябрь айында кабыл алынган "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамга ылайык, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэри президент тарабынан дайындалат.
Ректорлорду дагы президент дайындайт. Жаңы мыйзам долбоору сунушталды
Талапкерлер кадрлар резервинен тандалып алынышы керек. Мындан улам бош кызмат орундарын ээлөөгө кадрларды даярдоо үчүн муниципалдык резерв түзүлгөн. Максаты эң квалификациялуу жана келечектүү башкаруучу кадрлар менен өз убагында алмаштыруу болуп саналат. Аталган резервге киргизүү үчүн документтерди кароо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө компьютердик тестирлөө жана аңгемелешүү этаптарынан өтүү шарт.
Иш тажрыйбасына карата талаптар:
Документтерди тапшыруу мөөнөтү 24-декабрда аяктайт. Конкурс Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан өткөрүлөт. Толук маалымат аталган ведомствонун расмий сайтына жарыяланган.