Бет кап "омикрондон" коргой алабы? Иммунологдун түшүндүрмөсү

Ноябрь айында Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун өтө жугуштуу делген "омикрон" штаммы пайда болгон. Учурда ал 60тан ашык өлкөгө жайылып кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Коронавирустун "дельта" жана "омикрон" штаммдары бет каптын эффективдүүлүгүн төмөндөтөт. Бул тууралуу иммунолог, медицина илимдеринин кандидаты Николай Крючков URA.RU порталына берген маегинде айтты.
"Бет кап бул эки штаммдан, өзгөчө "омикрондон" биз каалагандай коргой албайт экен. Анткени эки штаммды тең жугузуп алган адамдан вирустун бөлүкчөлөрү ого эле көп бөлүнүп чыгат. Андыктан ооруп жаткан киши жанында бирөөлөр барда азыраак чүчкүрүп-жөтөлүүгө аракет кылышы керек", — деди Крючков.

"Омикрон" тууралуу

"Омикрон" штаммынан көз жумган биринчи учур катталды

2021-жылдын 20-ноябрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Адистер аны грек алфавитинин 15-тамгасы менен "омикрон" деп атады. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат. Деген менен акыркы жыйынтык чыгарууга эрте экени айтылат.

Алдын ала чыккан тыянактарга караганда, B.1.1.529 иммунитети абдан эле алсыз, балким, СПИД менен ооруган же ВИЧ жугузуп алган кишинин организминде өнүгүп, калыптанган.
Учурда аталган штаммдын 60тан ашык мамлекетке жайылып кеткени белгилүү болду. Эске салсак, Кыргызстанга 1-декабрдан тарта коронавирустун жок экендигин көрсөткөн анализ менен кире алышат. Бул штамм азырынча Кыргызстандан чыга элек.
Кечээ Улуу Британияда "омикрон" штаммы жугуп, бейтап каза болгон биринчи учур катталды.