Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайрадан эмнеге келгени, канча жүрөрү белгилүү болду

Буга чейин экс-президент дүйшөмбүнүн таңында Москва — Бишкек каттамы боюнча учуп келгени маалым болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Туңгуч президент Аскар Акаев Кыргызстанга Кумтөр иши боюнча дагы бир ирет сурак берүү үчүн келди. Бул туурасында анын жакындары билдирди.
Акаевдин бүгүн таңга маал Москва — Бишкек каттамы боюнча учуп келгени маалым болгон.
Аскар Акаев Армениянын экс-президенти Левон Тер-Петросян менен жолукту
Экс-президенттин жакындарынын айтымында, сапар Кыргызстандын укук коргоо органдары менен макулдашылган. Ал Кумтөр кенинин айланасындагы кылмыш иши боюнча УКМКга эки күн сурак берип, кайра кетет. Аны менен кошо улуу Илим Акаев да келген.
Эске сала кетсек, ушул жылдын август айында Аскар Акаев 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, УКМКга Кумтөр боюнча сурак берген. Андан кийин элге кайрылуу жасап, "Кумтөр" долбоору боюнча өкмөткө ишенип чечим кабыл ала бергенин айтып кыргызстандыктардан кечирим сураган.