БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына иш сапары менен барып, Masdar City жогорку технологиялык экошаарчасына баш бакты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
"Төрага шаарларды туруктуу өнүктүрүү концепциясына негизделген экошаардын иши менен таанышып, жашыл экономика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, электромобилдердин иши жана жогорку технологияларды өнүктүрүү боюнча долбоорлорго кызыкты", — деп айтылат кабарда.
Masdar City долбоору күн энергиясы жана башка кайра жаралуучу энергия булактары менен камсыздалган шаардын курулушун, ошондой эле абага көмүр кычкыл газын минималдуу чыгаруу менен туруктуу энергетикалык чөйрөнү, шаардагы таштандыны толугу менен кайра иштетүү системасын камтыйт.
"Чет мамлекеттердин тажрыйбаларын колдонуп жашыл экономика демилгелерин жана долбоорлорун иштеп чыгуу зарыл", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал президент тарабынан жакын арада электр энергиясын, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга киришүү милдети коюлганын айтты.
Мындан тышкары, иш сапардын алкагында "Кыргызстан — Бириккен Араб Эмирлиги — 2021" туристтик роуд-шоу, бизнес-форуму өтөт. Анын жүрүшүндө B2B форматындагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр болмокчу.
Эске салсак, 2021-жылдын июль айында президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна инновациялык "Асман" экологиялык шаарын куруу пландалып жатканын айткан. Калаа 500 миң кишинин туруктуу жашоосуна ылайыкталмакчы. Үстүнөн караганда улуттук музыкалык аспапка, комузга окшош болгон шаарды 7-10 жылдын аралыгында куруу пландалган.
Тема боюнча: