Окумуштуулар өмүрдү 40 пайызга чейин кыскарта турган тамактарды атады

Буудай уну, гамбургер, хот-дог, жууган май, сливки, майлуу сүт продукциялары эрте өлүмгө жетелеген тамактар деп табылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жогорку даражадагы кайра иштетилген азыктар ден соолукка зыянын тийгизип, эрте өлүмгө алып келет. Бул туурасында РИА Новости Eat This, Not That порталына шилтеме берип жазды.
Коронавирустан кийин кайсы азыктарды көп жеш керек? Дарыгердин кеңеши
Коомдук саламаттык сактоо тармагы боюнча канадалык эксперт Энди де Сантис өмүрдү кыскарта турган азыктарга буудай уну, гамбургер, хот-дог, жууган май, сливки, майлуу сүт азыктары кирерин айткан.
"Адамдар жогорку даражадагы кайра иштетилген азыктарды жегенди кескин түрдө азайтып, салттуу тамактанууга кайтып келүүнү ойлонгону дурус. Демек, үй шартындагы тамактар жана кайра иштетилбеген азыктарга өтүү сунушталат", — деп айткан изилдөөнүн автору Мариялаура Боначчо.
Ошондой эле ал статистикага ылайык, зыяндуу тамактардан толугу менен баш тартуу мүмкүн эместигин, ошого карабай өлчөмүн азайтуу керектигин кошумчалаган.