Жолду эми акимчилик да карайт. Жумгалда жол тоскондор менен жетекчилер жолукту

Эл Баш Кууганды — Эпкин жолунда тейлөө иштерин тынымсыз жүргүзүүнү, дегеле жолду жакшылап кароону талап кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Нарын облусунун Жумгал районундагы Арал — Кочкор жолун тосууга келген элдин талаптарын Жумгал РИИБдин башчысы Улан Коноев жана райондук администрациянын аппарат жетекчиси Мирбек Тентиев угуп, нааразы болгон калкка түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Нарын облусунун Жумгал районундагы Арал — Кочкор жолун тосууга келген элдин талаптарын Жумгал РИИБдин башчысы Улан Коноев жана райондук администрациянын аппарат жетекчиси Мирбек Тентиев угуп, нааразы болгон калкка түшүндүрүү иштерин жүргүздү
Эске салсак, 10-декабрда аталган жерде жол кырсык болуп, үч адам каза болгон. Бул окуядан кийин эл өз талаптарын коюп, жолду тоскон.
Эл Баш Кууганды — Эпкин жолунда тейлөө иштерин тынымсыз жүргүзүүнү, дегеле жолду жакшылап кароону талап кылган.
"Жолугушууга келген Түндүк-Түштүк альтернативдик коридоруна кирген Баш Кууганды — Эпкин жолун оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан ишкана жолду толугу менен тейлөөнү жана жолго суу сээп, түртүп түздөп турууну үзгүлтүксүз колго ала тургандыгын билдирди. Ал эми алардын жолду тейлөө боюнча ишмердүүлүгүн толугу менен көзөмөлгө Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы ала турган болду. Мындан кийин жергиликтүү жарандар тарап кетишти", — деп айтылган маалыматта.
"Тазалык" кызматкеринин өлүмү: маркумдун жакындарына компенсация төлөнөт
Маалыматта жергиликтүү тургундар менен Жумгал районундагы тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда атайын жыйындар өткөрүлүп, жарандарга түшүндүрүү иштери дагы жүргүзүлө тургандыгы айтылган.
Министрликтен аталган аймакта эч кандай мыйзам, тартип бузуу фактылары катталбагандыгын жана саясий кырдаал туруктуу экенин билдирди.