ЖКнын дагы 4 депутаты белгилүү болду. Бир округда шайлоо өткөн жок деп таанылды

Учурда 30 округда берилген добуштардын жыйынтыгы белгилүү болуп калды. Дагы бир округда "шайлоо өткөн жок" деп таанылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун дагы төрт округ боюнча расмий жыйынтыгын чыгарды.
Парламентке өткөндөр:
Ошентип 36 округдун ичинен 30у боюнча жыйынтык чыкты.
БШКнын өкүлдөрү, мындан сырткары, Бишкек шаарындагы Биринчи май округу боюнча өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Аталган аймакта талапкерлерге караганда "баарына каршы" графасына 11 900 адам добуш берген. Эми аталган округда кайра шайлоо өтмөкчү.
БШК шайлоонун жыйынтыгын толугу менен 18-декабрга чейин чыгарышы керек.