БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Декабрь айында эки метеорит агымынын активдүүлүгү жогорку чегине жетет. Бул туурасында Москва планетарийи кабарлады.
Биринчиси — Геминиддер. Ар жылы боло турчу күчтүү агымдардын бири. Быйыл ал 7-декабрда башталган, активдүүлүктүн туу чокусу 14-декабрга караган түнгө туш келип, саатына 120 метеорго чейин жетет. Метеориттер аябай жарык болуп, жер атмосферасы аркылуу тез-тез учуп өтүшү мүмкүн.
Астрономдор түнкү саат үчтөн баштап чыгыш тарапты кароону сунуштайт. Бирок баам салам дегендерге ыңгайсыз шарт жаралышы мүмкүн, себеби бул ай толгон күнгө (19-декабрь) жакын болууда. Ошондой эле кыргызстандыктарга аба ырайы да тоскоол болушу ыктымал, бирок синоптиктер 14-декабрга караган түнү жаан-чачын болбой турганын божомолдоп жатат.
Урсиддер — активдүүлүгү азыраак агым. Ал жылдын эң узун түнү 22-декабрга туш келет. Активдүүлүгү 17-декабрда башталып, он күндөн кийин аяктайт. Ылдамдыгы саатына он метеорго чейин болору күтүлүүдө. Урсиддерди көрүү үчүн түнү бою түндүк горизонтту карап отуруу керектиги айтылат. Бирок ай көбүрөөк тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Себеби Урсиддер Геминидге караганда анча жарык эмес.