Прокуратура мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаны мамлекетке кайтарды

Жалпы баасы 17 миллион 568 миң сомдук балдар бакча жергиликтүү акционердик коом тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районундагы Ленин айыл өкмөтүндө жайгашкан 17 миллион 568 миң сомдук балдар бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды. Мүлктү алуу райондук прокуратура тарабынан ишке ашырылганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Көзөмөл органынын текшерүү учурунда 28 жыл мурда мыйзамсыз иш болгону ачыкталган.
"Эки кабаттуу имарат 0,42 гектар жер тилкеси менен Жалал-Абад облустук мамлекеттик мүлк фондунун 1993-жылдын 30-апрелиндеги токтомунун негизинде "Ж.Ш." акционердик коому тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Прокуратура: Ысык-Көлдөгү менчиктелип кеткен жайыт мамлекетке кайтарылды
Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилип, жыйынтыгында толугу менен канааттандырылган.
Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде кыймылсыз мүлк жер аянты менен бирге муниципалдык бийликтин карамагына өткөрүлдү.