БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев калаадагы базарларга аптасына бир гана ирет санитардык күн жарыялоо боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Мындай чечим бүгүн "Орто-Сай" базарындагы окуядан кийин кабыл алынды. Соодагерлер базардын жумасына эки жолу, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жабылып жатканына нааразы болуп чыгышкан. Алар базардын капталындагы Сүйөркулов көчөсүн жаап, COVID-19га каршы эмделүү талабы дагы жакпай турганын айтышкан.
Шаар башчысы тиешелүү кызматтардан вакцина алуу боюнча базар кызматкерлери арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылды. Ошондой эле санитардык күн аптасына бир гана ирет болорун айтты.
Мэриядан кошумчалашкандай, аталган базарда иштегендер санитардык эрежелерди бузуп иштеген учурлар болгон. Аларга акт түзүлүп, ар бири 17,5 миң сомдон айып пулга жыгылган. Жалпысынан алардан 52,5 миң сом чогултулган.