Өкмөт: Кытайдан эртең 1,5 миллион доза Sinopharm келип түшөт

Кытай Sinopharm вакцинасын Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүдө гуманитардык жардам катары бере турганы кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Эртең Кыргызстанга Кытай өндүрүшүнөн чыккан Sinopharm вакцинасынын кезектеги партиясы жеткирилет. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"1,5 миллион доза препаратты Кытай Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам катары берет", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик вакцинаны ташып, сактай турчу эки автомуздаткычтуу болду
Кытай буга чейин Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын бир нече ирет берген.
Ал эми сентябрда президент Садыр Жапаров менен жолуккан Кытайдын тышкы иштер министри Ван И алар Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде 650 миллион юань (100 миллион доллардын тегереги) менен коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын 1 миллион дозасын берүүгө даяр экенин айткан эле.