Россия Кыргызстандын үч бажы пунктун модернизациялоого жардам берет

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары Кыргызстандагы үч бажы пунктун модернизациялоо боюнча иштин мөөнөтүн узартууну колдоп беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Россия Кыргызстандын түштүгүндөгү үч бажы постун модернизациялоо үчүн каражат бөлөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташуу боюнча министри Максат Мамытканов Sputnik агенттигинде өткөн видеокөпүрөдө билдирди.
Кыргызстандын Бажы кызматына материалдык-техникалык жана финансылык колдоо көрсөтүлөт.
"Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин күн тартибиндеги маселелердин бири — бул Кыргызстандын үч бажы пунктун модернизациялоо. Иш 2023-жылы бүтүшү керек", — деди ал.
Мамыткановдун айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары Кыргызстандагы үч бажы пунктун модернизациялоо боюнча иштин мөөнөтүн узартууну колдоп беришти. Финансылык каржылоонун суммасы аныктала элек.