БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Дубайда (Бириккен Араб Эмирлиги) Кыргызстандын Улуттук күнүнүн алкагында "EXPO 2020" туристтик роуд-шоу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чара КРдин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган.
"Роуд-шоу эки өлкөнүн туристтик компанияларынын ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү жана бекемдөө, потенциалдуу жергиликтүү өнөктөштөрдү издөө, ошондой эле чет элдик өнөктөштөр үчүн Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу түшүнүк алуусу жана анын жагымдуулугун баалоосу үчүн өткөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага эки мамлекеттин туристтик уюмдарынын 50дөн ашык өкүлү катышкан. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын туристтик операторлору менен Бириккен Араб Эмирлигинин бир катар туроператорлору ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.
Роуд-шоу — регион, өлкөлөр боюнча тур. Анын жүрүшүндө бизнесмендер инвесторлор жана ири кардарлар менен жеке жолугушууларды өткөрөт.