3,2 млн. долларлык келишим. Кыргызстан БАЭге азык-түлүк сатат

Бизнес-форумга эки мамлекеттин экономикасындагы ар кыл тармактардын 100дөн ашык өкүлү катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) компанияларынын ортосунда эт, бал, кургатылган кара өрүк, жаңгакты экспорттоо боюнча 3,2 миллион долларлык келишимге кол коюлду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Бүгүн Дубайда "Кыргызстан — БАЭ" деп аталган бизнес-форум өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев, экономиканын ар кыл, тагыраагы, тамак-аш жана өнөр жай, IT, энергетика жана фармацевтикалык тармактардын өкүлдөрү катышты.
Бизнес-форумду Соода-өнөр жай палатасы менен Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги уюштурган.