БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу шаарында талоончулукка шектелгендерди кармаган учурдун видеосу пайда болду.
Кадрдан милиционерлердин эркек кишилерди колун артка кайрып кармап, ал эми арыраак жакта жеңил автоунаанын күйүп жатканын көрүүгө болот. Өрт өчүрүүчүлөр жалындап жаткан машинага суу чачып, ал эми окуяга кызыгып келген эл айланада топтолуп турат.
Буга чейин Ош облустук милициясынан Кара-Суу шаарындагы Нурахунов көчөсүндө бир нече киши талоончулук кылганын жана Daewoo үлгүсүндөгү автокөлүк күйүп кеткенин кабарлаган.
Бул окуяга катыштыгы бар деген шек менен үч киши кармалган. Милиция алардын мурда соттолгондугун билдирген. Андан сырткары, шектүүлөрдүн жанынан автомат, тапанча, ок-дарылар, рация жана бет кап чыккан.