Жырткычка окшош. Сейрек кездешүүчү медуза видеого түшүп калды

Калифорния булуңуна экспедицияга барган окумуштуулар сейрек кездешкен ири медузаны видеого тартып алышты. Медузанын баш жагынын диаметри бир метрге, "колдорунун" узундугу 10 метрге чейин жетет.
Sputnik
National Geographic Россия сайтынын жазышынча, аралыктан башкарылган аппарат медузага жакын барган. Тартуу иштери 975 метр тереңдикте жүргүзүлгөн.
Медузанын бул түрү алгачкы жолу 1899-жылы белгилүү болгон, андан бери адамдарга көп деле учураган эмес. Окумуштуулар атайын барганда дагы сейрек көрө алган.
Мындай чоң медузаларга "колдору" олжо тапканга жардам берет. Көбүнчө балык жана майда суу жаныбарлары менен тамактанышат.