Финансы министри республикалык бюджет качан профицитке чыгарын айтты

Бүгүн парламенттин Бюджет жана финансы комитетинде кийинки жылга бюджеттин долбоору экинчи окууда каралды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстандын бюджети 2024-жылга барып профицитке чыгат. Бул туурасында финансы министри Алмаз Бакетаев ЖКнын тармактык комитетинде 2022-жылга республикалык бюджет жана 2023-2024-жылдарга божомолун бекитүү мыйзам долбоорун кароо учурунда билдирди.
Салык 100 млрд. сомго көп жыйналат. Республикалык бюджеттин 2022-жылга планы
Белгилей кетсек, 2022-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорунда кирешеси 282,1 миллиард сомду түзүп, чыгаша бөлүгү 291 миллиард сомго жетет. Муну менен дефицит 9,1 миллиард сом деп белгиленди.