COVID менен күрөшкөн медиктерге ноябрь үчүн компенсация төлөндү. Суммасы

Фонд жалпы жонунан ноябрь айы үчүн 42 миллион 605 миң 889 сом бөлгөн. Жалпысынан 3 000ден ашык медик акча алды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) медиктерге ноябрь айы үчүн 42 миллион 605 миң 889 сом төлөдү. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.
Маалыматка караганда, ММКФ саламаттык сактоо уюмунун 3 350 кызматкерине каражат бөлгөн.
"Ноябрь айында 825 дарыгер, 1 294 орто, 456 кичи медперсонал жана 824 башка кызматкер каражат алышты", — деп айтылат маалыматта.
Ай сайын төлөнчү компенсациянын республика боюнча бөлүштүрүлүшү: