100 кишинин өмүрүн алды. АКШдагы торнадодон кийин тартылган видео

АКШдагы бир нече ирет кайталанган торнадо алдын ала берилген маалыматтар боюнча 100 адамдын өмүрүн кыйды.
Sputnik
Бийлик каза тапкандардын саны дагы өсүшү ыктымалдыгын айтууда. Баарынан көп өлкөнүн чыгыш тарабы — Кентукки, Теннесси, Иллинойс, Миссури жана Арканзас штаттары зыянга учураган. АКШ президенти Жозеф Байден жүздөгөн өмүрлөрдү кыйган торнадо тарыхтагы эсте каларлык жаратылыштын кырсыгы экенин айтты.
Видеодон кыйраган турак жайларды, талкаланган автоунааларды, пайдубалы гана калган, өрттөнгөн имараттарды көрүүгө болот. Операторлор кээ бир аймактардын жашоочулары торнадо талкалап кеткенден калган үйлөрдөн жарактуу оокаттарын алып чыгып жаткан учурларын тартып алышкан.