Үч кишинин өлүмү. Жумгалда жол тоскондор тарады

Жол кырсыгынан каза болгон жергиликтүү үч тургун бүгүн жерге берилди. Милициянын айтымында, топурак салган эл жолду оңдоо талабы менен чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Жумгалдын Баш-Кууганды айылынын Кара-Кечеге кетчү жолду тосуп алган тургундары тарады. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди.
"Тазалык" кызматкеринин өлүмү: маркумдун жакындарына компенсация төлөнөт
Эсенгулованын айтымында, маркумдардын сөөгү бүгүн жерге берилди.
"Топурак салганы баргандар ошол жактан эле жол тосууга келишкен. Алар бийликтен жолду оңдоп берүүнү талап кылышты. Түшүндүрүү иштеринен соң эл тарады", — деди маалымат катчы.
Ушу тапта абал тынч экени, эч кандай тартип бузуу катталбаганы кошумчаланды.