Кеченин дагы бир башкы беттешинде UFC уюмунун жеңил салмактагы (61 кг) чемпиону Аманда Нуньес венесуэлалык Жулианна Пеньянын муунтуу ыкмасына багынып, курунан кол жууду. Пеньяны Шевченко 2017-жылы колун кайруу ыкмасы менен уткан.
Ошондой эле турнирдин негизги бөлүгүндө Сантьяго Понгсиниббио калыстардын чечими менен Жефф Нилди, Кай Кара-Франс Коди Гарбрандтаны, ал эми Шон О"Мэлли Раулиан Пэйвойду нокаут менен жеңди.