"Тазалык" кызматкеринин өлүмү: маркумдун жакындарына компенсация төлөнөт

Мэрия айдоочуларга кайрылып, "Тазалык" кызматкерлери таң эрте чыгып иштегендиктен, жолдо этият болууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы автоунаа койдуруп кетип каза болгон "Тазалык" муниципалдык ишкана кызматкеринин үй-бүлөсүнө 50 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Эске салсак, жол кырсыгы Жибек Жолу проспектинде, Осмонкул көчөсүнө жакын жерде саат 6:45те болгон. Mazda автоунаасынын айдоочусу сүзүп алган 47 жаштагы жабырлануучу ооруканага жетпей көз жумган.
"Мэрия жетекчилиги маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, муниципалитеттин фондунан 50 миң сом өлчөмүндөгү материалдык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле "Тазалык" ишканасы кызматкер жумуш учурунда каза болгонуна байланыштуу Эмгек кодексине ылайык компенсация төлөп берет", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, мэрия айдоочуларга кайрылып, "Тазалык" кызматкерлери таң эрте чыгып иштегендиктен, жолдо этият болууга чакырды.