SWIFT ылдамдыгында! Россияга урулган соккудан ким жабыркайт?

Жыл сайын Россияны SWIFT системасынан өчүрөбүз деп коркутушат. Бул – каржы рыногундагы катаал чаралардын бири катары каралат, анткени эл аралык эсептешүүлөрдү татаалдаштырат.
Sputnik
Ири соода өнөктөшүн оолактатуу дүйнөлүк экономиканы алсыратат. Улам коркуткандары менен эмне үчүн бул ишке ашырылбай турганына, транзакциялар үчүн россиялык аналогдордун бар-жогуна кызыгып көргөн Ирина Бадмаеванын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Бул ирет ушул теманы украиналык YouTube-каналдардын биринде Ян Бжезинский көтөрдү. Америкалык тышкы саясаттын белгилүү идеологу Збигнев Бжезинскийдин уулу 2001-2005-жылдары коргоо министринин орун басарлыгын аркалаган. Ушул тапта эксперт катары таанылды. Бирок отставкадагы аткаминер АКШнын азыркы мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланддын айтканын гана кайталады.
"Украинага кол сала турган болсо Россияны дүйнөлүк каржылык тутумдан толук өчүрүү вариантын АКШ өз союздаштары менен талкуулап жатканын маалымдаган аткаминер.
Путинден америкалыктар эмне күтүп, кандай коркутууларга барат?
Андан мурун CNN телеканалы да анонимдик маектештери муну "акыркы чара" деп аташканын маалымдаган эле. Bloomberg агенттиги да Владимир Путин жана Жозеф Байдендин онлайн жолугушуусунун алдында ушундай ойду кабарлаган.
Жети жыл мурун жаңырган бул коркутуу медиа айдыңында улам айтылып, жазылып келет. Ушундай чакырык камтылган резолюцияны апрель айында Европарламент кабыл алып, "Түндүк агым – 2" долбоорун бүтүрүүдөн баш тартууну да сунуштаганы маалым.
Июнь айында РФтин Мамлекеттик думасындагы тегерек столдо сөз алган Россиянын SWIFT улуттук ассоциациясынын (РОССВИФТ) аткаруучу директору Роман Чернов: "Бизди өчүрө алышпайт. Бул эч кимге пайда алып келбейт", – деген. Айрыкча тышкы өз ара аракеттешүү жагынан бул чоң көйгөйгө тушуктурат, анткени Россия — маанилүү эл аралык соода өнөктөш.
SWIFT — маалымат алмашуу жана транзакциялар үчүн банктар аралык система. 1973-жылдан тарта иштейт. Ушул тапта 220 өлкөдө 11 миң насыялык уюм, анын ичинде миңге чукул корпорация туташтырылган. Орточо жүгүртүү — күнүнө 32 миллиондун тегерегиндеги билдирүү. Системадан өчүрүү – абдан радикалдуу кадам. Бул баары бир валюта менен иш алып бара турган бардык тармактарга таасир этет. Айрыкча, каржылык сектор жана экспорт. Сырье алууда эсептешүү кыйындайт.
"Соода алакасындагылар башка жолдорду издөөгө аргасыз болушат. Кошумча транзакциялык чыгымдар рублдин абалын чабалдатат", — деп түшүндүрөт Wolfline Capital өнөктөш тескөөчүсү Никита Долгий. Баамында, РФтин улуттук валютасы он пайызга чейин жоготууларга кабылышы ыктымал.
Кокус андай күн болуп калса, чет өлкөлүк инвесторлор россиялык активдеринен арылууга ашыгары турулуу иш. Алар баарын жыйыштырып кетишинен улам РФтин фондулук рыногунун да иши токтойт. Ал эми бул корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздарды кармаган банктарды чыгымга батырат. Бирок Кошмо Штаттар жана Европа биримдиги Россияны SWIFT тутумунан өчүрүүгө даай алары арсар. Анткени дүйнөлүк экономика кылыч кырына коюлат. Бул батыш стандарттарынын өзүнө сокку урарын эскертет Федерация кеңешинин Бюджет жана каржылык рыногу комитетинин мүчөсү Василий Иконников.
Адис АКШнын Россияга каршы санкциялары өзүнө кандай түйшүк жаратарын айтты
Эл аралык соода жүгүртүүдө Россия жыш орун алган. "Европа да, Америка да РФ тараптан тышкы экономикалык төлөмдөрдү дароо токтотууга даяр эмес", — дейт Россиядагы ANIF инвестициялык фондунун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сергей Григорян. Ошентип январдан июлга чейин АКШ жана Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү рекорддук 19,8 миллиард долларга жеткен. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул убагына караганда 40 пайызга жогору экенин белгилейт Никита Долгий.
Негизинен Россия океандын ары жагына металл жана сырье жөнөтөт. Америкалыктар автомобиль, электроника, учкучсуз аппараттарды экспорттойт. Эң кызыгы, SWIFT — бельгиялык юрисдикциядагы кооперативдик коомчулук. Система формалдуу түрдө көз карандысыз менчик каржылык институттарга таандык.
"Ошондуктан Вашингтон эл аралык сервистен кимди өчүрүп, кимди туташтырууну буюра албайт", — деп белгилейт TeleTrade маалыматтык-аналитикалык борборунун улук экономисти Петр Пушкарев.
Бирок буга чейинки эки окуяны да эске албай коюуга болбойт: 2012-жылы Иран, ал эми 2017-жылы Түндүк Корея системадан өчүрүлгөн. Бирок Россия глобалдык экономикага алда канча терең интеграцияланган. "Туруп-туруп эле, айрыкча пандемия маалында өчүрүп салууга болбойт. Масштабдуу катуу толкун жалпыга кооптуулук туудурат", — дейт Сергей Григорян.
Эң оболу европалык ишканалар жабыр тартат: экспорт үчүн төлөмдөрдө кыйынчылык жараларын белгилейт Россиядагы ANIF инвестициялык фондунун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.
"Апрелде кабыл алынган Европарламенттин резолюциясы сунуш иретинде гана. Албетте, Европа биримдигиндегилер мындайга барышпайт: аларга жашоону татаалдаштыруунун зарылдыгы эмне?" — деп боолголойт РФтеги Каттоо, ликвидация, банкроттук жана сот өкүлчүлүгү боюнча юристтер ассоциациясынын вице-президенти Владимир Кузнецов.
Согуш отун тутантпасын деп… АКШ президентинен өзөктүк баскычты алып коюшту
Америкалыктар көздөгөнүнө жетип, Россияны SWIFT тутумунан өчүрдү дейли. Кырдаалдан чыгуунун эки жолу болушу мүмкүн. Биринчиси — банктар эки тараптуу төлөмдөргө өтүшөт. Насыялык уюмдар онлайн-транзакцияларды корреспонденттик эсептер боюнча аткара алышат. Дагы бир варианты — мурдагы ыкмага кайтуу. 2005-жылга дейре чет өлкөгө россиялык акча которуулардын көпчүлүгү банктар аралык Telex тутуму аркылуу жүргүзүлгөнүн эске салат Петр Пушкарев.
"Ал резервдик система катары калтырылган. 2014-жылдын сентябрында РФтин Борбордук банкы стресс-тестирлөө жүргүзгөн. Система кыйла ынанымдуулугун көрсөткөн. Telex тутуму аркылуу банктар аралык комиссия көбүрөөк, ал эми ылдамдыгы жайыраак. Контрагент өлкөлөрдө процессти калыптандырууга убакыт керек, бирок жалпысынан ишке ашырууга болот", — дейт экономист.
Экинчи сценарий — россиялык аналогго өтүү. Саясий тобокелдиктерди түшүнгөн Москва аны эбак иштеп чыккан. РФ Борбордук банкы өз маалыматтык базасынын негизинде Каржылык билдирүүлөрдү өткөрүү тутумун (СПФС) ишке койгон.
"Негизги милдет — өлкө ичиндеги банктардын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо. SWIFT форматында да билдирүүлөрдү жөнөтүү мүмкүнчүлүгү да каралган", — деп тактап өттү Сергей Григорян.
СПФС 331 насыялык уюмду бириктирип турат. Негизинен алар россиялык, анткен менен постсоветтик мейкиндикте да, атап айтканда Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Армения, Тажикстан, ошондой эле Кубада өкүлчүлүктөрү бар.
Системада айрым чет өлкөлүк банктардын бөлүмдөрү да катталган. СПФС масштабдуу камтыбаса да кырдаалдын кесепеттерин жое алат. Эл аралык транзакциялар үчүн SWIFT гана жарайт, анын ордун алмаштырчулар жок.
Кайсыларды: мамлекеттик банктарды элеби же бул багыттагы жеке мекемелерди да системадан өчүрүшөбү, маселе ушунда. Россияда иш алпарган чет өлкөлүк банктардын абалы кандай болору түшүнүксүз. Бирок мындай санкциялык инструмент эки жакка тең залалын тийгизери, рыноктун бардык оюнчуларына чоң сокку урары айдан ачык. Бул – аалам коронакаатчылыкты баштан кечирип жатканда өтө орунсуз чечим.