Ош шаардык төрөт үйү 8 млн. сомго оңдолуп жатат

Ош шаарындагы төрөт үйү 1991-жылы ачылган. Имаратты оңдоп-түзөө иштери Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Ош шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн имараты реконструкцияланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
"Имараттын электр, жылуулук, суу түтүкчөлөрү оңдолуп жана айнек терезелери, чатыры толук алмаштырылып жатат. Ошону менен бирге сырткы ажаткананын долбоору бүтүп, салынууда. Ар бир бөлүмгө чайкануучу жай орнотулуп, жаңы эмерек коюлат", — деп жазылган маалыматта.
Ош шаардык ооруканасынын директору Кыялбек Ташболотовдун айтымында, төрөт үйүнүн оңдоп-түзөө иштери Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 8 475 000 сомго каржыланды.
Ош шаардык төрөт үйү 1991-жылы ачылган.