БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясы 34 кишиден чыгып, эки бейтап каза тапканын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Оору жуктургандар:
Пандемиядан бери баш-аягы 183 965 адамдан оору аныкталды.
Каза болгон эки киши Бишкек менен Ысык-Көл облусунан экенин айтылды. Вирусту жуктуруп көз жумгандар 2 770ке жетти.
Бир суткада 47 киши айыкты. Ушуну менен жалпы 179 009 бейтап ооруну жеңди.
Учурда ооруканаларда коронавирус менен 389 бейтап жатат, амбулатордук дарыланууда дагы 314 бейтап бар. Стационарда жаткандардын 210 орто, 152си оор жана 27си өтө оор абалда.