Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Түнкүсүн Жалал-Абад өрөөнүнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Башка облустарда жаан-чачын болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Дүйшөмбү күндүз Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ал эми дыйканчылык аймактарында жана башка өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9...+14, Талас жергесинде +4...+9, Ысык-Көлдө +2...+7 жана Нарын аймагында -3...-8 градуска төмөндөйт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +10...+12 жана Ошто +9...+11 градуска жетет.