Адис адамды алжып калууга алып келчү алгачкы белгилерди санап берди

Тобокелдик тобуна башынан катуу жаракат алгандар, кан басымы туруктуу эмес адамдар, кант диабети барлар кирет. Ошондой эле ичимдик, чылым же кыймылы аз жашоо образы акыл-эстин бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Деменция же алжып калуу дартынын алгачкы белгилерин Sputnik радиосунун эфиринде биология илимдеринин кандидаты Семен Голошейкин санап берди. 
Пандемияга даярдык боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 68-орунга чыкты
Андан соң биолог деменциянын алгачкы белгилерин атады.
"Унутчаактык, бир нерсеге кунт коюу, анализдөө, пландоо жөндөмүнүн азайышы, кулактын угуусунун начарлоосу деменциянын эң алгачкы белгилери болушу мүмкүн. Бирок муну көпчүлүк чарчоо же стресстин белгиси катары кабыл алат", — деди адис.
Дарыгерлер акыл-эс жайында болушу үчүн көп кыймылдоону, жакшы көргөн иш менен алек болууну, логикалык оюндарды жана чет тилдерди үйрөнүүнү сунуштаган.
ДССУнун маалыматына караганда, учурда дүйнөдө 55 миллион киши деменция менен жабыркайт.