БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бишкекте айдоочу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерин сүзүп кетти. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу кабарлады.
Кылмышка 23 жаштагы Mazda автоунаасынын айдоочусу шектелүүдө. Милициянын кайгуул кызматы айдоочу окуядан кийин Тез жардам чакырганын кошумчалады.
Материалдар тергөө кызматына өткөрүп берилген.