Жаш балдар менен жолугуп... АКШда кызынын атын жамынган 48 жаштагы аял кармалды

Полициянын маалыматына караганда, ал 20 жаштан жаңы өткөн кыздын образын жаратып, жаштардай кийинип, боенуп, өзүн жеңил-желпи алып жүргөн. Ал тургай анын 22 жашта экенине ишенген жигиттери болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. АКШнын Маунтин-Вью шаарынын 48 жаштагы тургуну Лаура Оглсби көп жылдан бери сүйлөшпөй калган кызынын аты-жөнүн пайдаланып жүргөнүн полиция аныктады. Бул тууралуу New York Times жазды.
​2016-жылы ал биринчи жолу 22 жаштагы кызынын атынан социалдык камсыздандыруу картасын сурап, тиешелүү органдарга арыз менен кайрылган. Аны алары менен кызынын атын пайдаланып жашай баштаган. Кийин Түштүк-Батыш баптисттик университетине тапшырып, билим алуу үчүн 17,5 миң доллар насыя алган.
"Аял 20 жаштан жаңы өткөн кыздын образын жаратып, жаштардай кийинип, боенуп, өзүн жеңил-желпи алып жүргөн. Ошол эле учурда да көптөгөн жаш жигиттер менен мамиле куруп, алардын баары Лаура 22 жашта экенине ишенишкен", — дейт ишти иликтеп жаткан полиция кызматкерлеринин бири Жейми Перкинс.
Сызга отургузуп кетишкен. Россияда жашынган 9 кыргызстандык кармалды
Лаура үй-бүлөсүнөн кордук көрүп качып кеткем деп алдап, Эйвери жана Венди Паркер аттуу жубайлардын үйүндө жашачу.
Күндөрдүн биринде Маунтин-Вью шаарынын полициясына Арканзас штатынын жергиликтүү бийлиги кайрылып, анын башка ат менен жашап, финансылык кылмыштарга катышкандыгын айтып кайрылган.
Эми ал кызына жана Түштүк-Батыш баптисттик университетине компенсация төлөп бериши керек. Ошондой эле ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Азырынча соттун чечими чыга элек.