Бүйүр кызыткан беттеш болсун! Жоламандын эзелки атаандашы Чобану чакырык таштады

Шаршенбеков Чобану менен быйыл Токио Олимпиадасында, андан кийин өткөн дүйнө чемпионатында кез келип, жеңилүү ызасын тарткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбековду эзелки атаандашы молдовалык Виктор Чобану кайрадан килемге чыгууга чакырды.
Ал өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу чакырык таштап, дагы бир бүйүр кызыткан беттеш өткөрүү ниетин билдирген. 
"Дүйнөдө күрөш катуу өнүгүп жатат. Кыргызстанда дагы көп күйөрмандары бар экенин билем, мен дүйнөдөгү мыкты балбандардын бири менен кайрадан күрөшкүм келет. Жоламан Шаршенбеков, мен сени сыйлайм, кел, дагы бир ирет кооз жана бүйүр кызыткан күрөш уюштуралы", — деп жазган Чобану.
Андан көп өтпөй эле кыргызстандык балбан дагы Instagram баракчасына пост жазып, аны менен күрөшүүгө даяр экенин кабарлады.
Жаштарды шыктандырам! Айсулуу Тыныбекова Баткенде жүрөт
"Бүгүн менин килемдеги атаандашым жана күрөштөгү агам реванш өткөрүү ниетин билдирди. Мен чакырыкты кабыл алдым. Биз килемде канчалык каршылашпайлы, спортто ага-ини бойдон калабыз. Жолугушууну чыдамсыздык менен күтөм", — деп жооп берди Шаршенбеков.
Белгилей кетсек, Шаршенбеков Токио Олимпиадасынын чейрек финалында Чобануга 7:0 эсебинде утулуп калган. Балбандар Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын финалында дагы кез келип, анда да Чобану 9:3 упай эсебинде жеңип алган.
Молдавиялык балбан Виктор Чобану 29 жашта. 2018-жылы дүйнө чемпионатынан күмүш алып, 2019-жылы Европа чемпиону болгон.
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков 22 жашта. 2018-жылы дүйнө жана Азия чемпионаттарынан күмүш байге уткан. 2020-жылы дүйнө кубогун жеңип алган.
Эске салсак, буга чийин Олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Власов да Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудовго чакырык таштап, беттеш Бишкекте өтө турган болгон.