Жекшембиге карата аба ырайы

12-декабрда республиканын дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жекшембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +6…+11, Таласта +5…+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +10…+15, Ысык-Көл облусунда +2…+7, Нарын чөлкөмүндө -1…-6 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +9…+11, Ош шаарында +13…+15 градусту көрсөтөт.