“Шамбала” тасмасынын командасы Квентин Тарантино менен жолукту. Видео

"Шамбала" Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Тасма буга чейин Азия кинолорунун дүйнөлүк фестивалында (AWFF) "Көрүүчүлөрдүн симпатиясы" сыйлыгын алган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. – Sputnik. “Шамбала” тасмасынын командасы америкалык белгилүү кинорежиссёр Квентин Тарантино менен Лос-Анжелесте жолукту.
Алардын сүрөтүн Азия кинолорунун дүйнөлүк фестивалынын негиздөөчүсү, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Facebook баракчасына жарыялады.
Белгилей кетсек, режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы беделдүү "Оскар" сыйлыгынын "Мыкты чет элдик тасма" номинациясынын узун тизмесине кирген.
"Шамбала" Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Тасма буга чейин Азия кинолорунун дүйнөлүк фестивалында (AWFF) "Көрүүчүлөрдүн симпатиясы" сыйлыгын алган.
Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттиги башкы каарман Шамбаланын ролун жараткан Артур менен маектешкен.
Буга чейин тасманын трейлери жарыяланган.