БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдарынан жеңүүчү аталган сегиз талапкерди расмий жарыялады.
Ага ылайык, төмөнкү округдардын жыйынтыгы толук чыгып бүттү:
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча, парламентке 90 адамдын ордуна 88 киши депутат болуп келет. Себеби бир мандаттуу эки шайлоо округунда "баарына каршы" деген графа көп добуш алган. Мыйзам боюнча, ал шайлоо участкаларында кайра шайлоо өтөт.