БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргызстан эл аралык донорлордун катышуусунда "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык" концепциясынын бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
ТИМ 11-декабрда дүйнө жүзү Кыргызстандын демилгеси менен 2003-жылдын 30-январында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 57-сессиясында бекитилген Эл аралык тоолор күнүн белгилеп келерин эске салды.
"Бул күндүн урматына тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун төрагалыгынын астында Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө эл аралык донорлор үчүн президент Садыр Жапаров тарабынан 21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында демилгеленген "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык" (2023-2027) концепциясынын бет ачары болду", — деп айтылат маалыматта.
Демилгенин башкы идеясы — БУУнун алкагында тоолуу өлкөлөрдүн расмий категориясын түзүү жана жакынкы беш жылдын ичинде тоолордун көйгөйлөрүнө арналган иш-чаралардын комплексин өткөрүү.
"Министрдин орун басары иш-чаралардын мындай ири комплексин уюштуруу жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобуна кирген мамлекеттердин саясий, финансылык жана техникалык колдоосу жок мүмкүн эмес экенин белгиледи", — деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле ТИМ жолугушууга келгендер Кыргызстандын демилгесине оң баа беришип, толуктоо киргизүү боюнча пикирлери жана идеялары менен бөлүшкөнүн маалымдады.
Соңунда тараптар "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык" концепциясында камтылган маселелерди биргелешип аткаруу боюнча эксперттик деңгээлде консультацияларды улантууга макулдашкан.