Кыргызстанда "Арашан" породасындагы койлорго чип тагыла баштады

Чип тагардын алдында койлор толук көзөмөлдөн өткөрүлөт, андан соң идентификациялык номер берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу эт-май багытындагы "Арашан" породасындагы койлорго электрондук бирка "чип" тагылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Кыргызстанда биринчи жолу эт-май багытындагы "Арашан" породасындагы койлорго электрондук бирка "чип" тагылды
2 / 3
Билдирмеге караганда, малга асыл тукум карталары толтурулуп, алар тууралуу маалымат башка сайтка жайгаштырылат
3 / 3
Учурда мындай породалардан өлкөдө 5 800дөй кой бар. Алардын козуларынын болжолдуу баасы 500 доллар, ал эми койлору 5 000 доллардан жогору.
Билдирмеге караганда, малга асыл тукум карталары толтурулуп, алар тууралуу маалымат башка сайтка жайгаштырылат.
"Чип" — анча чоң эмес электрондук каражат. Анын жардамы менен койлорду аралыктан каттоого болот. Чип тагардын алдында койлор толук көзөмөлдөн өткөрүлөт, андан соң идентификациялык номер берилет", — деп айтылат маалыматта.
Учурда мындай породадан өлкөдө 5 800дөй кой бар. Алардын козуларынын болжолдуу баасы 500 доллар, ал эми койлору 5 000 доллардан жогору.