Радио

Садыров: мамкызматта иштебегендер дагы ислам принциби менен ипотека ала алат

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Ислам принциби менен каржылоо секторунун жетекчиси Абдрахман Садыров ислам принциптери менен ипотека кандай эрежеде берилерин айтты.
Sputnik
Мамлекеттик ипотекалык компания ислам принциптери боюнча ипотекалык кредит бере баштады. Долбоор азырынча пилоттук болгондуктан борбор калаада гана иштеп жатат. Бул боюнча Абдрахман Садыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ислам принцибиндеги ипотекалык насыяны кардарлар азырынча "Бакай банкы" аркылуу гана ала алышат.
"Мамлекеттик ипотекалык компания "Арзан ипотека" деген долбоордун алкагында ислам принциптери боюнча кредит бере баштады. Шарттары буга чейинки программалардай эле. 21 жаштан жогору, жалпы эмгек стажы эки жылдан кем эмес, акыркы иштеген жери бир жылдан көп болгон бардык кыргызстандыктар ала алат. Ошондой эле кардардын өзүнүн атына катталган турак жайы болбошу керек. Мурдагы программалардан айырмаланып мамлекеттик кызматта иштебегендер деле кайрылса болот", — деди Садыров.
Ал арызды онлайн түрүндө компаниянын сайты аркылуу толтурса болорун кошумчалады.