Бишкекте тепловоз адамды коюп кетти

Жолдун 3779-чакырымында адам тургандыгына байланыштуу тепловозду токтотуу максатында тормоз басылган. Жаран берилген сигналга реакция кылган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. – Sputnik. Бишкекте белгисиз адам тепловоздун алдында калды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 15:50дө жолдун 3779-чакырымында адам тургандыгына байланыштуу тепловозду токтотуу максатында тормоз басылган. Белгисиз киши берилген сигналга реакция кылган эмес.
Окуя Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишине жакын жерде болгон. Тилекке каршы, жаран набыт болгон. Тийиштүү органдар териштирүү ишин жүргүзүп жатат.