УКМК: Баткендеги Арка айылынын жашоочусунун автоунаасынан 7 кг. баңгизат чыкты

Ведомстводон аталган факты боюнча учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылынын жашоочусунун автоунаасынан болжол менен алганда 7 килограммдай баңгизат табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 3
Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылынын жашоочусунун автоунаасынан болжол менен алганда 7 килограммдай баңгизат табылды
2 / 3
Ведомстводон Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканын билдирди.
3 / 3
Текшерүү мындан эки күн мурда болгону айтылды. Кызматкерлер кайра келгенде Opel үлгүсүндөгү автоунаага катылган жети килограммдай баңгизат табылган.
Ведомстводон Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү үчүн мыйзамсыз даярдоо") каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканын билдирди.
УКМК чет мамлекетте туруп баңгизатты балдар аркылуу саткандарды аныктады
Текшерүү мындан эки күн мурда болгону айтылды. Кызматкерлер кайра келгенде Opel үлгүсүндөгү автоунаага катылган жети килограммдай баңгизат табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, анын гашиш (кара куурай) экени аныкталган. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканын кошумчалады.