Жаштарды шыктандырам! Айсулуу Тыныбекова Баткенде жүрөт

Спорттогу бийиктиктерди бир гана күч менен багындыруу мүмкүн эместигин айткан Тыныбекова жаштарды ар бир мүмкүнчүлүктү текке кетирбей туура пайдаланууга чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимпиада оюндарындагы күмүш медалдын ээси Айсулуу Тыныбекова учурда Баткен облусунда жүрөт. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына маалымат жазды.
"Кечээ эле АКШдан түз Баткен жергесиндеги жаш спортчулар менен жолугушуу үчүн келдим. Спорттогу бийиктиктерди бир гана күч менен багындыруу мүмкүн эмес, ошондуктан ар бир мүмкүнчүлүктү текке кетирбей туура пайдаланууга чакырам!", — деген Тыныбекова.
Нью-Йоркту тик учак менен айланган Айсулуу Тыныбекованын видеосу
Спортчу алгач президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен жолуккан.
Тыныбекова буга чейин АКШда бир айга чукул болуп, Wrestle Like a Gir уюму менен биргеликте ал жактагы спортчу кыздар менен машыгуу өткөрүп жүргөн.